Турмуш сабагы (аккорды)

Айжамал Кабылова

Айжамал Кабылова - Турмуш сабагы (аккорды)

Am                          Em
Бул турмушта кайгырсам да, чөкпөдүм,
Am                      Em
Ийгиликке жеткенде да көппөдүм.
Dm                         Am
Жабыркадым, азап тарттым сүйүүдөн,
G          Em               Am
Ошондо да, көз жашымды төкпөдүм.


Am                       Em
Кээ бирөөлөр менде өчү барчылап,
Am                        Em
Майда сүйлөп жан дүйнөмдү жанчылап.
Dm                          Am
Көрө албастар тузак жайып жолума,
G          Em               Am
Чыйралтышты, кайра мени камчылап.



[Кайырма:]

Dm         E            Am
Суук сөзгө көңүлүмдү оорутпа,
Dm         E            Am
Жаман көзгө карегимди соолутпа.
Dm           Am          G     F
Оо, жараткан өзүң берген энчиң бул,
Dm          E           Am
Өнөр жолдо жан дүйнөмдү толукта.


Am                       Em
Ушак сөздөр сөөгүмө жеткенде,
Am                       Em
Ыза болуп жаш экенмин, ыйлагам.
Dm                          Am
Кыйын кезде достор чанып кеткенде,
G          Em               Am
Ошондо да, жамандыкка кыйбагам.

Am                       Em
Тагдыр экен, сыноо салды башыма,
Am                       Em
Жаш экенмин баарын чыдап көтөрдүм.
Dm                          Am
Дагы канча сыноо барын ким билет?
G          Em               Am
Бышып калдым кыйналбастан өтөмүн.

[Кайырма:]

Dm         E            Am
Суук сөзгө көңүлүмдү оорутпа,
Dm         E            Am
Жаман көзгө карегимди соолутпа.
Dm           Am          G     F
Оо, жараткан өзүң берген энчиң бул,
Dm          E           Am
Өнөр жолдо жан дүйнөмдү толукта.